22:22
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Турак үйдү тоногонго шектүү делип 28 жаштагы жаран кармалды

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда турак үйдү тоногонго шектүү делип 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Августта Аламүдүн РИИБге Мыкан конушунун тургуну белгисиз адамдар үйүнүн терезесин сындырып кирип, алтын буюмдарын жана 2 миң доллар акчасын уурдап кетишкенин айткан.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Аталган окуяга шектүү катары 28 жаштагы Ысык-Көл районунун тургунун кармалды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума