06:09
USD 87.45
EUR 91.60
RUB 0.96

Марлен Маматалиев: «Кыргызстанга мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр ташылууда»

Кыргызстанга мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар, печенье жана башка азык-түлүктөр ташылып келүүдө. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда билдирди.

Анын айтымында, Орусияда азыктардын жарактуулук мөөнөтү бүткөндө өндүрүш ишканалары утилизациялоо боюнча тендер жарыялайт.

«Ар кандай фирмалар бул продукцияларды акчага алып, утилизациялоонун ордуна таңгагындагы жарактуулук мөөнөтүн өзгөртүп, Кыргызстанга алып келишет. Буга видео далил бар», — деп белгиледи депутат.

Коомдук угууларда ал дүкөндөрдө жана коомдук тамактануу жайларында сатылып жаткан азык-түлүктөрдү гана эмес, аларды өндүрүүнүн эң башталышынан тартып эле көзөмөлгө алуу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоорун сунуштады.

«Биз керектеген нерселердин бардыгын бардык этаптарда — өстүрүү, өндүрүү, ташуу жана сатуу көзөмөлдөнүшү керек. Импорттук товарларга да катуу көзөмөл болушу керек», — дейт Марлен Маматалиев.

Эң көп окулган жаңылыктар