02:05
USD 87.00
EUR 90.44
RUB 0.86

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетин Умбеталы Кыдыралиев жетектейт

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетин Умбеталы Кыдыралиев жетектейт. Мындай чечим УОКтун отчеттук-шайлоо конференциясында кабыл алынды.

ММК
Фото ММК. Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетин Умбеталы Кыдыралиев жетектейт

Уюштуруу комитетинин маалыматына караганда, Умбеталы Кыдыралиев УОКтун президенттигине жалгыз талапкер болгон. Ал буга чейин бокс федерациясынын президенти болгон.

Өлкөнүн Олимпиада комитетин жетектеген Садыр Мамытов биринчи вице-президенттикке келди.

Эске сала кетсек, Умбеталы Кыдыралиев Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты, «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.

Эң көп окулган жаңылыктар