Ош шаарында бала бакчанын имараты онкологиялык оорукана катары пайдаланылып, операциялар ошол жерде жасалат. Бул тууралуу үчүнчү Элдик курултайда делегат Анаркан Айдарова айтып, бул маселени чечүүгө президенттен жардам сурады.
Анын пикиринде, өлкөнүн түштүгүндө онкология ооруканасы башкы көйгөйлөрдүн бири.
«Эл каякка барышын билбейт. Шаардын так ортосунда мечиттин тушунда бала бакчанын имаратын онкологиялык ооруканага катары пайдаланып, операциялар жасалып жатат. Буга байланыштуу түштүк жакка онкологиялык оорукана керек», — деди ал.