15:37
USD 86.80
EUR 91.19
RUB 0.85

Масалиев: «Улгайган адамдарды санарип технологияны өздөштүрүүгө мажбурлабагыла»

Жогорку Кеңештин жыйынында Исхак Масалиев жаш курагына байланыштуу электрондук документ жүгүртүүгө өтө албай жатканын билдирди.

Ал өлкөнүн калкынын 30-40 пайызы өзүнө окшогон чоң ата, чоң энелер экенин белгилеп, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигин санариптик технологияларды өздөштүрүүгө милдеттендирбөөгө чакырды.

"Алар компьютер кандай иштээрин түшүнүшпөйт. Мисалы, парламент келечекте кагаз документтерди кабыл албайбыз деп жатат, бирок мен аларды электрондук түрдө тапшырбайм. Мен үйрөнө албайм. Чыдагыла. 5-10 жыл калды, жаштарга жеңил болот. Ушуну эске алыңыз",-деди Исхак Масалиев.

Жыйында депутаттар КР Санарип кодексинин долбоорун талкуулашууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
12-декабрь, бейшемби