23:32
USD 86.80
EUR 91.71
RUB 0.87

14-ноябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 14-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймакта жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт.

Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...+5,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −1...-6, күндүз 0...+5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +4...+9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −1...-6, күндүз +2...+7,

Нарын облусунда түнкүсүн −1...-6, күндүз 0...+5.

Бишкекте 14-ноябрга караган түнү кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн −1...-3, күндүз +1...+3 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар