19:06
USD 86.80
EUR 91.19
RUB 0.85

12-ноябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 12-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун бир катар аймагында жаан жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт, туман түшөт.

Тоолуу аймактардагы жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +5...+10,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −1...+4, күндүз +4...+9,

Баткенде түнкүсүн +1...+6, күндүз +8...+13,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +9...+14,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −4...+1, күндүз +6...+11,

Нарын облусунда түнкүсүн −1...-6, күндүз +4...+9.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4, күндүз +7...+9 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар