13:21
USD 86.80
EUR 91.46
RUB 0.87

АКШда шайлоо. Республикачылар Сенатта 51, демократтар 42 мандатка ээ болушту

АКШда Республикалык партия Батыш Вирджиния жана Огайо штаттарындагы жеңиштердин аркасында Сенаттагы 51 мандатка ээ болду. Бул тууралуу Reuters жазып чыкты. Учурда демократтар Сенатта 42 орунга ээ.

Республикачылар Өкүлдөр палатасын 177 мандатка ээлеп, демократтар 143 мандатка ээ, бирок бир дагы партия Конгресстин төмөнкү палатасын көзөмөлдөө үчүн зарыл болгон 218 орунду ала элек.

Азыркы чакырылышта Сенаттагы 100 орундун ичинен республикачылар 49ун, ал эми демократтар аларды колдогон көз карандысыз талапкерлер менен бирге 51ди көзөмөлдөшөт. Эксперттердин пикири боюнча, шайлоонун жыйынтыгында республикачылардын жалпы саны жогорку бийликтеги орундардын санына жетти.

Жалпы шайлоодо АКШ жарандары Сенаттын 34 мүчөсүн кайра шайлашы керек.

Эң көп окулган жаңылыктар