USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Казакстандын Мажилисинин төрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен келди

13:27, 31 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 31-октябрда Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстанга келди. Ардактуу мейманды «Манас» аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев менен Казакстан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов тосуп алды.

Иш сапардын алкагында Эрлан Кошановдун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен сүйлөшүүлөрү, ошондой эле Парламенттер аралык кызматташтык кеңешинин жыйынына катышуусу пландалууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18