22:41
USD 86.80
EUR 91.71
RUB 0.87

Жогорку Кеңеште алманы импорттоого тыюу салуу сунушталды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 24-октябрдагы жалпы жыйынында депутат Бактыбек Марипов алманы алып кирүүгө тыюу салууну сунуштады.

Анын айтымында, быйыл алманын түшүмү жакшы болгондуктан, шире чыгарган заводдор дыйкандардан килограммын 2-3 сомдон кабыл алышат. Ал эми алып, сатуучулар элден килограммын 20-30 сомдон алып жатышат.

«Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлигине дыйкандарга алманы экспорттоого көмөктөшүп, импорттоого тыюу салууну тапшыруу керек», — деп сунуштады депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар