Кыргызгидромет билдиргендей, 23-октябрда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Бийик тоолуу унаа жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурларда 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +7...+12,
Талас облусунда түнкүсүн +3... +8, күндүз +6 ... +11,
Баткенде түнкүсүн +7... +12, күндүз +12...+17,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8... +13, күндүз +13...+18,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1... +6, күндүз +14 ... +19,
Нарын облусунда түнкүсүн −2...+3, күндүз +12 ...+17.
Бишкекте жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +6...+8, күндүз +10...+12 градус болот.