04:02
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Алтынбек Кылычбаев ЖК депутат болду. Ал Тазабек Икрамовдун ордуна келди

Борбордук шайлоо комиссиясы No13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын аныктады. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, кезексиз шайлоодо мандат үчүн 15 талапкер катталып, бирок жети талапкер ат салышты.

Мөөнөтүнөн мурда болуп өткөн шайлоодо район боюнча 21 миң 57 шайлоочу же шайлоо тизмесине киргендердин 16,92 пайызы добуш берди.

Алтынбек Кылычбаев эң көп — 10 миң 174 (48,32 пайыз) добуш алды. Ал Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты катары тааныды.

Алтынбек Кылычбаев 47 жашта. БШКнын сайтында ал Жалал-Абад санаторийинин директорунун орун басары экени жазылган. Ал 2015-жылы «Республика Ата Журт» партиясынан депутаттыкка ат салышканы ачык булактардан белгилүү. Анда талапкерлердин тизмесинде экинчи болгон.

22-сентябрда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өттү. Аталган округдан шайланган эл депутаты Тазабек Икрамов өз ыктыяры менен мандатын тапшыргандан кийин орун бош калган.

Эң көп окулган жаңылыктар