04:26
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

ТИМ кыргызстандыктарды Израиль жана Ливанга барай турууга чакырды

Тышкы иштер министрлиги Израиль менен Ливандын чек арасындагы татаал жана чыңалган кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын жарандарына аталган өлкөлөргө баруудан алыс болууну сунуштайт. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосу Ливан жана Израилде жашаган КР жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүнү жана мүмкүн болушунча жогоруда аталган өлкөлөрдөн чыгып кетүү зарыл экенин белгилейт.

Мындан тышкары министрлик белгиленген өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандары ыкчам байланыш үчүн Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин (+96525359951), Түркиядагы элчилигинин (+905456896800) жана КР Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин (+996 999 312002) ишеним телефондору аркылуу зарыл учурда жардам же консультация алуу үчүн кайрыла алышарын билдирет

Эң көп окулган жаңылыктар