21:06
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанда жаан жаап, карга айланат. 26-29-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

26-27-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

27-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облстарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10°, күндүз 14...19°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2...7°, күндүз 14...19°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 8...13°, күндүз 21...26°, тоо этектеринде түнкүсүн 1...6°, күндүз 6...11°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн −1...-6°, күндүз 8...13°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 3...8°, күндүз 13...18°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2...7°, күндүз 14...19°, республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн −3° сууктан...+2° жылуулука чейин, күндүз 3...8°, бийик тоолордо түнкүсүн −2...-7°, күндүз 0...5°ка чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Эң көп окулган жаңылыктар