Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 25-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +22...+27,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11...+16, күндүз +26...+31,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23,
Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +19...+24.
Бишкекте күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11...+13, күндүз +24...+26 градус болот.