Кыргызгидромет билдиргендей, 11-сентябрга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +20...+25,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +17...+22,
Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +18...+23.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +23...+25 градус болот.