16:17
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Кыргызстанда жуманын аягында аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлөт

7-8-сентябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, 7-сентябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын айрым жерлеринде жаашы күтүлөт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 19-24 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9°, күндүз +13...+18°

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1...+6°, күндүз +13...+18°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө түнкүсүн +8...+13°, күндүз +18...+23°, тоо этектеринде түнкүсүн −2 сууктан +3° жылуулукка чейин, күндүз +9...+14°,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн −1...-6°, күндүз +8...+13°,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +2...+7°, күндүз +12...+17°,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0...+5°, күндүз +13...+18°, тоолуу райондордо түнкүсүн −1...-6°, күндүз +5...+10°, бийик тоолордо түнкүсүн −3...-8°, күндүз +3...+8° ка чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

8-сентябрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарынын айрым жерлеринде 0...-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Эң көп окулган жаңылыктар