10:56
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Бишкекте унаа тыгыны.Транспорт министри кызматына талапкер өз чечимин айтты

Жогорку Кеңештин Транспорт мыйзамдары, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министри кызматына Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлиги каралып жатканда депутат Гуля Кожокулова Бишкектеги жол тыгындары көйгөйүн чечүү жолун кандай кыласыз деп сурады.

Министрликке талапкер жаңы шаар куруу керектигин айтты.

"Ооба, бул перспективада. Эми маселени кантип чечебиз? — деп сурады эл өкүлү

Абсаттар Сыргабаев ар ким автобус менен жүрүш керек деп жооп берди. Ал эми Бишкек менен Оштун жолдору Транспорт министрлигине тиешелүү эмес экенин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар