23:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

30-августка карта аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 30-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана дыйканчылык аймактарында, Таласта жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жана дыйканчылык аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +25...+30

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5...10, күндүз +21...+26

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн +12...+17, күндүз +25...+30

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +21...+26

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +22...+27

Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12...+14°, күндүз +27...+29° жылуу болот.

Эң көп окулган жаңылыктар