03:44
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Ооганстанда сакалын өстүрбөгөнү үчүн 280 коопсуздук кызматкерин жумуштан алды

Талибандын Адеп-ахлак министрлиги сакал койбогон 280ден ашуун күзөтчүнү иштен айдап, акыркы бир жылда 13 миң адамды «адепсиз жоруктары» үчүн камакка алган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, министрлик 281 сакалсыз күзөтчүнү ислам эрежелерине туура келбейт деген жүйө менен жумуштан кетиргени айтылды. Аялдардын кийими жана эркектерсиз саякаттоо боюнча статистика берилген эмес.

Министрликтин пландоо жана мыйзамдуулук боюнча директору Мохибулла Мохлис маалымат жыйынында өткөн жылы 21 миң 328 музыкалык аспап жок кылынганын жана миңдеген компьютер операторлорунун базарларда «адепсиз жана этикага туура келбеген» тасмаларды сатуусуна бөгөт коюлганын айтты.

«Улуу жол башчынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде аялдардын хижабы (ислам кийими) боюнча пландын долбоору иштелип чыгып, жактырылды», — деди Мохлис.

Эң көп окулган жаңылыктар