11:18
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Сузак районунда шайлоо: БШКга 12 талапкер арыз берди

№ 13 Сузак округу боюнча шайлоого катышууга 12 адам арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришти.

БШК өлкөнүн жарандары шайлоо өнөктүгүнө өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен же саясий партиялардан катыша аларын эскертет. Партиялар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бирден ашык эмес талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгусу келгендердин экөө аял.

№ 13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 22- августунда, каттоо 2-сентябрга чейин аяктайт. Үгүт иштери 2-сентябрдан 21-сентябрдын таңына чейин жүргүзүлөт.

Буга чейин 12 талапкер катышууну кааларын билдирген:

Нурсултан Абдуллаев, КРСКнын башкы директору

Гүлүйпа Карымшакова, маданият кызматкери

Юлия Лилиенталь, Эгамберди Хажы фондунун директору

Жапаров атындагы спорт мектебинин директору Ынакбек Айдаров

Медербек Сапарбаев, жеке ишкер

Мелисбек Кошалиев, жеке ишкер

Жыргалбек Сейдахматов, Сузак районундагы Багыш айылдык кеңешинин төрагасы

Бейшенбек Бегматов, ИП «Бегматов»

Манас Максүтов, жеке ишкер

Нурдин Эрматов, аймактар ​​аралык реабилитациялык борбордун директору

Санжарбек Энназаров, «Дари Строй» ЖЧКнын курулуш компаниясынын директору

Алтынбек Кылычбаев, Жалал-Абад санаторийинин директорунун орун басары.

Аталган округда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 22-сентябрга белгиленген. Бул аймактан депутат Тазабек Икрамовду Боршайком өзү жазган арыздын негизинде 19-июлда мандатынан ажыраткан.

Эң көп окулган жаңылыктар