Эртең, 4-июлда түнкүсүн күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +29...+34,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +10...+15, күндүз +27...+32,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +31...+36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +22...+27,
Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +31...+35 градус.