09:11
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстанга Швейцариянын тышкы иштер министри келет

Кыргызстанга Швейцариянын тышкы иштер министри Иньяцио Кассис 3-июлда келет. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Эки күндүк сапардын максаты — Кыргыз Республикасы менен кызматташууну бекемдөө болуп саналат.

 Швейцариянын Кыргыздагы элчилиги
Фото Швейцариянын Кыргыздагы элчилиги. Швейцариянын тышкы иштер министри Игнацио Кассис

Иш сапардын алкагында Швейцариянын тышкы иштер министри Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушат.

Ошондой эле, Швейцариянын Улуттук күнүн белгилөөнүн алкагында Кыргызстанда жашаган эл аралык уюмдардын, элчиликтердин, бизнес секторунун, жарандык коомдун өкүлдөрү жана швейцариялык жарандар менен жолугушууларды өткөрөт.

Мындан тышкары, Швейцария Кыргызстанда 1994-жылдан бери жалпы суммасы 500 миллион доллардан ашык колдоо көрсөткөн долбоорлордун жүрүшү менен таанышат.

Эң көп окулган жаңылыктар