04:19
USD 87.45
EUR 102.43
RUB 1.09

Баткенде сабалган эки жашар кыздын өгөй атасы бир айга камалды

Баткенде аёсуз сабалган эки жашар кыздын өгөй атасы тергөөнүн жүрүшүндө бир айга СИЗОго камалды. Бул тууралуу 24.kg агентигине Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аны камакка алуу чечимин райондук сот чыгарган.

Ал арада Баткен облусундагы Саламаттыкты сактоону координациялоо жана башкаруу борборунун директору Арзыбек Бөрүбеков 24.kg агенттигине билдиргендей, наристе дагы эле комада жана жасалма дем алдыруучу аппаратка туташып турат. Абалы туруктуу оор болууда.

Эскерте кетсек, 7-июнь күнү саат 9.19да Баткен облустук бириккен ооруканасынан Жаңы-Жер айылынын эки жаштагы тургуну эс-учун жоготкон абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөнүн билдирген. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин «Кыйноо» боюнча кылмыш иши козголгон. Кызды сабаган деген шек менен өгөй атасы кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Эң көп окулган жаңылыктар