USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Боор алмаштыруу боюнча экинчи операция ийгиликтүү аяктады

09:19, 12 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте боор алмаштыруу боюнча экинчи операция ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, трансплантологдор тобу боорду алмаштыруу боюнча экинчи операцияны ийгиликтүү аяктады, бейтаптардын гемодинамикалык көрсөткүчтөрү туруктуу.

Учурда адистер ооруканада нөөмөттө туруп, бейтаптардын абалына көз салып, аларга керектүү медициналык жардамды камсыз кылышууда.

Операция 9 саатка созулуп, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган кыргыз-түрк адистери катышты.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика