04:26
USD 87.45
EUR 102.43
RUB 1.09

ЖК комитети уран казууга жол ачкан долбоорду эки окууда жактырды

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитети бүгүн, 11-июндагы жыйынында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Долбоор эми Парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Документти төрт депутат — Азизбек Турсунбаев, Марат Мураталиев, Алишер Козуев жана Замирбек Мамасадыков жактырды.

Ал эми эл өкүлдөрү Чыңгыз Айдарбеков, Мирлан Самыйкожо жана Сейдбек Атамбаев каршы добуш беришти.

Депутат Мирлан Самыйкожо мыйзам долбоору чийки экенин жана аны аягына чыгаруу керектигин белгиледи. Ошондой эле ал кесиптеши Айдарбеков менен бирге долбоорго уран менен торийди алуучу химиялык элементтер кандайдыр бир кенди иштетүүгө байланыштуу болгон учурда аны алууга тыюу салган норманы киргизүүнү сунуштады. Бирок эл өкүлдөрү бул демилгени четке кагышты.

Эң көп окулган жаңылыктар