12:50
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Эртең Кыргызстан — Оман беттеши өтөт

Кыргыз футбол биримдиги
Фото Кыргыз футбол биримдиги. Кыргызстан – Оман беттеши

Бүгүн, 10-июнда «Кыргызстан — Оман» беттеши алдындагы футбол боюнча улуттук кураманын уюштуруу жыйыны болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, оюнду утурлай спортчулар Маскат шаарындагы 40 градустук аптапка карабай, машыгуусун улантууда.

Эртең, 11-июнда Кыргызстан — Оман беттеши өтөт. Мелдеш Омандын борбору Маскат шаарындагы «Султан Кабус» атындагы спорт комплексинде Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар