Кыргызстанда алгачкы жолу мамлекеттик үлгүдөгү 12 PhD диплом тапшырылды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик үлгүдөгү PhD дипломдору философия доктору окумуштуулук даражасын тастыктайт.
PhD программалары боюнча илимий кадрларды даярдоо 2013-жылы пилоттук долбоор катары башталган. 2020-жылы жогорку кесиптик билим берүүнүн үч баскычтуу системасына өтүү министрлер кабинетинин токтомдору менен бекитилген. Ал эми 2023-жылы «Илим жөнүндө» КР мыйзамы менен PhD окумуштуулук даражасы расмий таанылган.
Мамлекеттик үлгүдөгү документ санарип талаптарына жооп берет жана мамлекеттик портал «Түндүк» ААКы тарабынан иштелип чыккан.
Белгиленгендей, 2025-жылдын январь айынан тартып PhD даражасына ээ болгон адистерге мамлекеттик бюджеттин эсебинен ай сайын кошумча төлөмдөр каралган.

