18:55
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Экономика министрлиги быйыл ИДПнын көлөмү 1,4 триллион сомдон ашарын болжолдоодо

Экономика жана коммерция министрлигинин болжолуна ылайык, 2024-жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 1 триллион 410 миллиард сомдон ашат. Бул тууралуу президенттик администрациянын коллегиялык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, Экономика министрлигинин болжолу боюнча, реалдуу өсүү темпи 6 пайызды түзөөрү күтүлүүдө. 2023-жылы инфляция 13,9 пайыздан 10,8 пайызга чейин төмөндөгөн.

«Биз үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталын 8,8 пайыз өсүш менен аяктадык. Өлкөнүн бюджетинин кирешесин дээрлик үч эсеге көбөйттүк. 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 миллиард сомдон ашты, ал эми 2024-жылга 600,7 миллиард сом пландалууда, бирок Финансы министрлиги бул көрсөткүчтөн ашат деп болжолдоодо. Жакынкы үч жылда бюджеттин 1 триллионго жакындашы боюнча жакшы болжолдор бар», - деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар