«Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын экономикасы 8,8 пайызга, ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда 9,8 пайызга өстү. Бул президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өнүгүү темпин тездетүү саясатынын натыйжалуулугунун көрсөтөт», — деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.
Анын айтымында, бул 2023-жылдын биринчи кварталынын көрсөткүчүнө салыштырмалуу үч эсеге жогору.
«Бул жөн эле сандар эмес. Бул президенттин командасынын акыркы үч жылдагы күжүрмөн эмгегинин натыйжасы. Биз туура жолдо баратабыз жана биздин милдет — траекторияны сактап калуу, алдыга жылуу, мамлекеттик инвестицияларды көбөйтүүгө жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө артыкчылык берүү. Биздин максат — Кыргызстандын туруктуу келечегин түзүү, анда ар бир жаран өз потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот», — жыйынтыктады ал.