Бишкек мэриясынын Муниципалдык инспекциясы Профсоюз көчөсүндө күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатуу фактыларын аныктады.
Мекеменин маалыматы боюнча, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө инспекторлор белгиленбеген жерлерде күйүүчү-майлоочу майларды баш аламан соода кылууну аныкташкан. Тартип бузуучуларга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 286-беренесинин 2-бөлүгү боюнча административдик протоколдор түзүлдү.
Мэриянын маалыматына таянсак, жалпысынан 30га жакын протокол толтурулган. Муниципалдык инспекция күйүүчү май менен мыйзамсыз соода кылуу коомдук коопсуздукка коркунуч келтирерин жана мыйзам талаптарын бузарын эскертти.
Борбор калаада баш аламан сооданы аныктоо боюнча рейддер туруктуу негизде улантылууда.

