Адыбек Набиев Нарын облусунун Жумгал районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле мамлекет башчысынын башка бир буйругу менен жаңы аким болуп Жаныбек Исаков дайындалганы белгиленди.
Буга чейин ал президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматын аркалап келген.

