12:34
USD 87.45
EUR 102.42
RUB 1.19

ЖКнын экс-депутаты Токтогул районунун акими болду

Садыр Жапаров Акылбек Тюкебаевди Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими кызматынан бошотту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын башка буйругу менен Урматбек Самаев жаңы аким болуп дайындалды.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды. Урматбек Самаев

Урматбек Самаев 1986-жылы туулган, Жогорку Кенештин VI чакырылышынын «Кыргызстан» партиясынан депутаты болгон. 2021-жылдын август айында Токмок шаарынын мэри болуп шайланган.

2023-жылдын апрель айында Самаев «Токмок Жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга шектелип кармалган. Ал тергөө менен келишимге кол коюп, мамлекеттик бюджетке 25 миллион сом зыянды төлөп бергенден кийин үй камагына чыгарылганы кабарланган.

2025-жылы Жогорку сот Урматбек Самаевди күнөөсүз деп тапкан.

Эң көп окулган жаңылыктар