23:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргыз футбол союзунун мурдагы президенти анын башкы катчысы болду

Бүгүн Кыргыз футбол союзунун аткаруу комитетинин жаңыдан шайланган курамынын алгачкы жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КФС билдирди.

КФСтин президенти Камчыбек Ташиев Камчыбек комитеттин кароосуна Медербек Сыдыковдун талапкерлигин сунуштады. Ал аткаруу комитетинин мүчөлөрү тарабынан бир добуштан жактырылды.

Медербек Сыдыков жаңы кызматка 2024-жылдын 27-февралынан тарта киришет.

Ал 2017-жылдын апрелинен 2021-жылдын августуна чейин КФСтин башкы катчысы, ошондой эле 2021-жылдын октябрынан 2024-жылдын февралына чейин КФС президенти кызматында иштеген.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын премьер-лигасынын 2024-жылкы сезонуна катышуучу клубдар бекитилди. Чечимге ылайык, былтыркы жылкы чемпионатка катышкан 10 клубдан турган курам өзгөрүүсүз калды.

Андан сырткары, аткаруу комитетинин мүчөлөрү тарабынан КФС президентинин «Футболду колдоо фонду» коомдук уюмун түзүү демилгеси жактырылды. Аталган фонд футболду өнүктүрүү, жайылтуу, ошондой эле Кыргызстандын аймагында футбол инфраструктурасын модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча өз ишин алып барат.

Эң көп окулган жаңылыктар