20:32
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда футбол чемпионаттарына VAR системасы киргизилет

Кыргызстанда футбол чемпионаттарына VAR системасы (арбитрлерге видео жардам көрсөтүү системасы) киргизилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, футбол чемпионаттарына VAR системасын киргизүү боюнча жыйын өттү. Жолугушууга ФИФАнын VAR системасын ишке киргизүү боюнча адиси Гильерме Барбоса, арбитрлерди окутуу боюнча ФИФА инструктору Коваленко Валентин, ошондой эле КФСтин калыстар менен мелдештер бөлүмүнүн жана чемпионаттын негизги уктуруучусунун бир катар өкүлдөрү катышты.

«Кыргызстанда VAR системасын ишке киргизүү боюнча долбоорду ишке ашыруу маселелери, жабдууларды камсыз кылган компанияларга болгон талаптар, калыстарды жана калыстын видео ассистенттерин окутуу, ошондой эле долбоорду ишке ашыруудагы мындан аркы кадамдарды бекитүү процесси тууралуу деталдуу талкуу жүрдү», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргыз футбол союзу VAR лицензиясын алууда консультативдик жардам көрсөтүү өтүнүчү менен ФИФАга кайрылган. Учурда КФСтин калыстар бөлүмү өлкөдө видео жардам системасын ишке киргизүү боюнча долбоорун этап-этабы менен ишке ашырууда. Кийинки кадам — арбитр жана кайталоодо турган операторлор үчүн окуу программасын бекитүү болот.

Ата-мекендик калыстар корпусунун өкүлдөрүн окутуу 8 айдан 10 айга чейин созулат, андан кийин гана Кыргызстандын премьер-лигасынын оюндарында видео кайталоо системасынын колдонулушу күтүлүүдө

Эң көп окулган жаңылыктар