00:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандыктардын 1 пайызы өзүнүн гепатитке чалдыкканын билет

Кыргызстандыктардын 1 пайызы өзүнүн гепатитке чалдыкканын билет. Бул тууралуу маалымат жыйында вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө илимий борборунун директору Зуридин Нурматов билдирди.

Анын айтымында, калк арасында маалымдоо иштерин жүргүзүү зарыл.

«Адам канчалык гепатитке чалдыкканын эрте билип, эрте дарылоо баштаса ошончо жакшы. Гепатит В же С жуктуруп алганда эч кандай белги болбойт. Анткени боордо нерв клеткалары жок. Боордун иштөө функциясы бузулганда гана билинет», — дейт ал.

Зуридин Нурматовдун айтымында, гепатитке каршы күрөшүүнүн негизги жолу — эмдөө. Кыргызстанда гепатитке каршы эмдөө кампаниясы башталды.

Эң көп окулган жаңылыктар