12:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда 150 миң окуучу биринчи класска барды

Бул жылы биринчи класска 150 миң окуучу барат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул электрондук каттоо аркылуу биринчи класска кабыл алынган балдардын саны. Бирок балдарын мектепке киргизе элек ата-энелердин дагы мүмкүнчүлүгү бар.

«31-августка чейин мектепке электрондук каттоо системасы иштейт. Ата-энелер бул мүмкүнчүлүктү колдоно алышат. Мындан тышкары, кандайдыр бир себептерден улам балдарды электрондук система аркылуу мектепке киргизе албай калса, райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө кайрылса болот. Ал жерде атайын комиссиялар иштейт. Биздин милдет — бир дагы бала мектепке барбай калбашы керек. Комиссия 1-сентябрдан кийин да иштейт», — деп билдиришти мекемеден.

Кыргызстанда жалпы 1,5 миллион окуучу мектеп босогосун аттайт.

Эң көп окулган жаңылыктар