00:50
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Түндүк» мобилдик тиркемесинде санариптик пенсиялык күбөлүк жеткиликтүү болду

Эми «Түндүк» мобилдик тиркемесинде жаңы пенсиялык күбөлүк санариптик документи жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди.

Пенсиялык күбөлүк санариптик документи кагаз түрүндөгү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ жана аны мамлекеттик органдарга көрсөтүү талап кылынган бардык учурларда колдонсо болот.

Санариптик документти колдонуу үчүн жаран төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

  • «Түндүк» мобилдик тиркемесин AppStore же PlayMarket онлайн дүкөндөрүнөн жүктөө;
  • булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен мобилдик тиркемеге кирүү;
  • тиркемеде «Санариптик документтер» бөлүмүнө өтүп, бул документтин санарип формасын колдонуу.

Пенсиялык күбөлүк сыяктуу санариптик документтерди киргизүү жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды алуу процессин бир топ жеңилдетет. Бул инновация бардык керектүү документтерди санариптик түрдө түздөн-түз смартфондо сактоого мүмкүндүк берип, жеткиликтүүлүктү жана колдонуунун ыңгайлуулугун жакшыртат.

Эң көп окулган жаңылыктар