10:10
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Социалдык фонд ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 58 жаранына пенсия дайындады

Кыргызстандын Социалдык фонду тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 58 жаранына пенсия дайындалды. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, 2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашуу күчүнө кирген. Ага ылайык, ЕАЭБдин башка мамлекетинин аймагында эмгек же башка ишмердик кылуу аркылуу пенсиялык укуктарга ээ болгон Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.

«Учурда Кыргызстандын Социалдык фонду тарабынан 58 жаранга пенсия дайындалды, анын арасынан 49 адам Россия Федерациясынын, дагы 8 адам Казакстан жарандары жана Беларусь мамлекетинин 1 жараны бар. Ошондой эле Россия Кыргызстандын 33 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн дайындалган», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар