07:59
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өлкөнүн эмгекке жарамдуу калкынын 1 миллион 351и гана социалдык салым төлөйт

Кыргызстандын 1 миллион 351 жараны социалдык салымдарды төлөшөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддук төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстанда эмгекке жарамдуу калктын саны −2 миллион 530 кишини түзөт. Ал эми пенсионерлердин саны жыл сайын орточо 17-18 миң кишиге өсүүдө.

«2020-жылы пенсионерлердин болжолдуу саны 670 миң кишиге жетет. Пенсиялык чыгымдар 3,5 миллард сомго өсөт», — деди Медер Ирсалиев.

Жогорку Кеңеште «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар