17:16
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Акылбек Жапаров: Үч жылдан кийин Соцфонд сынып, эч ким пенсия албай калат

Бүгүн, 30 ноябрда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Социалдык фонддун бюджетинин долбоорлору каралды.

Талкуу маалында депутат Төрөбай Зулпукаров 2022-2023-жылдарга божомолду караганда 762 миллион жана 667 миллион сом танкыстык пайда болуп жатканын белгилеп, анын себептерин тактап, Соцфонддун бюджетин түзүүдө өкмөттө бирдиктүү саясат жок экенин сынга алды.

Соцфонддун абалы жылдан жылга оорлошуп баратканын эл өкүлү Акылбек Жапаров да кошумчалады. «3 жылдан кийин Соцфонд сынып, эч ким пенсия албай калат, деп ачык айтпайсыңарбы. Соцфонд өз милдеттемелерин аткара албай кала турган заманга баратабыз. Канча адам пенсияга чыкканын, топтомо бөлүгү кандай — так анализ болушу керек. Пенсия бул жөлөк пул эмес, ким иштеп Соцфондго акча которсо гана пенсия алууга татыктуу. Негизи Социалдык фондду пенсиялык фонд деп өзгөртүү зарыл», — деп белгиледи депутат.

Ошондой эле ал укук коргоо органдарына артыкбаш кошумча пенсиялар чегерилип жатканын катуу сынга алды. Эл өкүлү билдиргендей алардын кошумча пенсиясына 3 млрд 700 сомго чейин чегерилет. «Генерал, прокурорлор бүт баарына кошумча төлөм берилди. Ушунчалык кошумча төлөм берүүнү токтотуу керек. Алардын айлыгы дарыгер менен мугалимдердикинен алда канча жогору, бирок айлыгынан Соцфонддун топтомо бөлүгүнө бир тыйын которбойт, киреше салыгын да төлөбөйт. Укук коргоо органдары 20 эмес 25 жыл иштесин деп мыйзамдарды өзгөрткүлө», — деди Акылбек Жапаров.

Маалым болгондой, 2021-жылы Соцфонд республикалык бюджеттен 24 миллиард сом сурап жатат. Бирок Каржы министрлиги 22 миллиард бөлүп берүүнү пландоодо. Депутаттар Социалдык фонд 50 пайызга бюджетке көз каранды болуп калганына тынчсыздануусун билдирип, айыл-чарбасынан пенсиялык фондго төлөм алууда да мыйзамдарды кайра кароо керектигин сунуштоодо. Депутаттардын айтымында азыркы кезде фермердик чарбагерлер айына 50 сом төлөп, бирок 2 миң сомдон пенсия алып жатканы айтылды.

Өз кезегинде депутат Осмон Турдумамбетов Соцфонддун бюджетин өзгөртпөй туруп, 500 миллионго чукул сом ашыкча коротулуп кеткенин айтты. Бул олуттуу каржылык мыйзам бузуу экенин айткан эл өкүлү кесиптештерин Соцфонддун бюджетин кабыл албоого чакырды. Эсеп палатасынын өкүлү да бир нече финансылык тартип бузуулар аныкталганын тастыктады.

Жыйын соңунда бардык сунуштарды эске алуу менен Социалдык фонддун бюджетинин долбоорлору жактырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар