18:32
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ЖЭБдеги авария. ӨКМдин адистери жарылуунун очогун аныкташты

Бишкек ЖЭБиндеги жарылуу көмүр майдалагычта болгон. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жарылуу өтө чоң масштабда болгон, айнектин сыныктары жана чатыры жүздөгөн метрге чейин учкан. «650 — 680 метрлик чатыр аңтарылып калган. 14-отказандын жанындагы жабдык көмүрдү майдалап отказанга чачып берип турат. Өрт лабаториясы жеринде иш алып барып, жарылуунун очогу табылды», — деди Урмат Шамырканов.

Ал коргоо системасы иштеп, бардык казандар бүтүн экенин айтты. Газ түтүктөрү, суу менен камсыздоо системасы, ошондой эле ЖЭБ системасынын башка элементтери жабыркаган.

ӨКМ башчысынын орун басарынын айтымында, кыйроонун аянты болжол менен 15 миң чарчы метрди түзүп, 4 миң чарчы метрге жакын жер калыбына келтирилген.

2-февралда түнкүсүн Бишкек жылуулук электр борборунда авария болгон. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулду. 2-февралда кечке жуук Бишкекте жылуулук жана ысык суу берүү жарым-жартылай калыбына келтирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар