13:06
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан беш адам жабыркап, ооруканага жеткирилди

Бишкек жылуулук электр борборундагы авариядан беш адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. Бул жөнүндө 24.kg басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда, үчүнчүсүнүн абалы орто, дагы бирөөнүкү салыштырмалуу канааттандырарлык. Жабыркагандар I, II жана III даражадагы күйүк алышкан.

 Эки адам реанимацияда, бирөө күйүк бөлүмүндө жатат. Дагы экөөсү оруканага жатуудан баш тартышкан. Алардын абалы канааттандырарлык, туруктуу.

Жабыркагандарды саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев барып көрдү.

«Кеңешме өткөрүлдү, дарыгерлер жеринде, дарылоо толугу менен жүрүп жатат», — деди ал.

Жабыркагандар 22, 23, 33, 34 жана 35 жашта.

Эң көп окулган жаңылыктар