04:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Еврокомиссия Транскаспий коридорун түзүүгө киришти

Европа инвестициялык банкы Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрү, ошондой эле Казакстандын Өнүктүрүү банкы менен жалпы суммасы 1,47 миллиард еврону түзгөн меморандумдарга кол койду.

«Немис толкуну» белгилегендей, бул насыялык каражат Европа комиссиясынын кепилдиги менен берилет.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Казакстан менен инвестициялык портфели 1,5 миллиард еврону түзгөн өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол койду. Мында кеп Борбор Азия аймагындагы транспорт байланышын өнүктүрүү үчүн даярдалып жаткан долбоорлор жөнүндө болууда.

Европа биримдигинин (ЕБ) Европа менен Борбор Азияны байланыштыра турган Транскаспий транспорт коридоруна 10 миллиард евро инвестиция салуу милдеттенмеси тууралуу Еврокомиссиянын төрага орун басары Валдис Домбровскис 29-январда Брюсселде өткөн инвестициялык форумда айтты.

Бул иш-чарага Европа, Борбор Азия, Кавказ өлкөлөрүнүн жана Түркиянын өкмөттөрүнүн, каржы институттарынын, ишкерлик чөйрөлөрүнүн жана жарандык коомдорунун өкүлдөрү катышып, Транскаспий транспорт коридоруна инвестиция тартуу маселесин талкуулап жатышат. Жүргүнчүлөр менен жүктөр Европа, Азербайжан, Грузия, Түркия, Каспий деңизинин акваториясы, Казакстан жана Кытай каттамы боюнча болжол менен 15 күндүн ичинде жеткирилет.

Евробиримдик 2021-жылдан 2027-жылга чейин Борбор Азиянын транспорттук системасын түзүүгө 300 миллиард еврого жакын каражат жумшоого аракет кылууда.

«Немис толкуну» белгилегендей, Орусия Украинага кол салгандан кийин көптөгөн өлкөлөр Орусиянын аймагын айланып өтө турган Европа менен Азиянын ортосундагы альтернативдүү соода каттамдарын издеп жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар