10:59
USD 87.45
EUR 102.22
RUB 1.14

«Өч 2» көркөм тасмасы көрсөтүүдөн алынды. Себеби

«Өч 2» көркөм тасмасы өлкө аймагында көрсөтүүдөн алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Кинематография департаментинин комиссиясы протоколдук чечим кабыл алып, «Өч 2» көркөм тасмасы өлкө аймагында көрсөтүү токтотулган.

Эксперттик комиссия тарабынан тасманын мазмуну кеңири талданып, анын ичинде зомбулук, ырайымсыздык жана коомдук-адептик нормаларга каршы келген көрүнүштөрдүн басымдуулугу белгиленди.

Ошондой эле тасмада позитивдүү социалдык баалуулуктарды жайылтуу, зомбулукту айыптоо же тарбиялык маанини берүү элементтери жетишсиз экени айтылды.

Комиссиянын корутундусуна ылайык, аталган тасманын мазмуну коомчулукта терс реакция жаратып, айрыкча жаштар аудиториясына терс психологиялык жана моралдык таасир тийгизүү коркунучу бар экендиги аныкталды.

Ушуга байланыштуу төмөнкү чечим кабыл алынган:

  • «Кыргызтасмасы» киноборбору мамлекеттик мекемесинин директору А. Т. Тулекеев ээлеген кызматынан бошотулду.
  • «Өч 2» көркөм тасмасынын Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүсү токтотулду;
  • Кинотеатрлар, жүгүртүү уюмдар жана кино көрсөтүү менен алектенген башка субъекттер тасманы токтоосуз жүгүртүүдөн алып салууга милдеттендирилди.
Эң көп окулган жаңылыктар