02:14
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Саламаттык сактоо министри: Кыргызстанда сасык тумоонун В түрү жүрүп жатат

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал тууралуу маселени көтөрдү. Ал бүгүнкү күндө бул ооруга чалдыккан бейтаптар көп катталып жатканын билдирди.

«Бүгүнкү күндө республика боюнча кандай оору болуп жатат? Аныкталдыбы? Азыр ооруканаларда кезек көп, жаш балдарды көрүп жатабыз. Ошол боюнча маалымат берип койсоңуз», — деди ал.

Саламаттык сактоо министринин айтымында, азыркы кезде сасык тумоонун В түрү жүрүп жатат жана буга байланыштуу мобилдик клиникалар ачылды.

«Азыр электрондук кезек менен күнүнө 400 бала катталып жатат. Бул COVID-19 эмес. Азыр коронавирус боюнча беш эле адам аныкталды. Калганы сасык тумоонун В түрү менен ооруп жатат», — деди министр.

Эң көп окулган жаңылыктар