Бишкектин аймагы үч эсе кеңейет. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинети 2024-жылга карата беш максатты аныктады, алардын бири административдик-аймактык реформаны жүргүзүү.
Чиновник бул реформанын алкагында аймактарда көптөгөн өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи.
«Айбек Жунушалиевдин Бишкек шаарынын мэри болуп калышынын бирден бир себеби ушул. Шаардын аймагы үч эсеге кеңейет. Бул келечекте чоң өзгөрүүлөргө алып келет», — деди Эдил Байсалов.