08:21
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жыл башынан бери өлкөнүн финансы секторунун кирешеси 91 миллиард сомдон ашты

2023-жылдын тогуз айында экономиканын финансы секторунун кирешеси 91 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ал 22 пайызга же 16,7 миллиард сомго өстү. Бул негизинен банк секторунун кирешесинин өсүшүнө байланыштуу. Ушул эле убакыт аралыгында финансы секторундагы уюмдардын чыгымдары 58,5 миллиард сомду түзүп, 29 пайызга өскөн.

Финансы секторунун уюмдарынын кардарлар базасы ушул жылдын сентябрь айынын аягында 11 миллиондон ашып, жыл ичинде 4 миллионго көбөйгөн. Анын өсүшү негизинен мобилдик банкинг системасына кошулган банктардын кардарларынын санынын, ошондой эле камсыздандыруу секторунда түзүлгөн келишимдердин санынын өсүшү менен шартталган.

2023-жылдын январь — сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунун ишканалары 33 миллиард сомго жакын киреше алган, бул өткөн жылдын деңгээлинен 3,6 миллиардга көп.

Эң көп окулган жаңылыктар