20:19
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жыл башынан бери мейманкана жана ресторандардын кирешеси 45,4 пайызга түштү

Жыл башынан бери мейманкана жана ресторандардын кирешеси 45,4 пайызга түштү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин брифингинде айтылды.

Мекеменин билдирүүсүндө, пандемия мезгилинде тейлөө тармагы абдан көп жабыр тартты.

2020-жылдын январь-август айларында тейлөө тармагынын дүң чыгарылышы 254,7 млрд. сом көлөмүндө болуп, ошол эле учурда өсүүнүн реалдуу темпи 90,2 пайызды түздү.

Экономикалык өсүштүн темпине тейлөө тармагынын таасири терс болуп, ИДПнын түзүмүнө кошкон салымы (-) 4,6 пайызды көрсөтүп, ИДПнын түзүмүндөгү салыштырмалуу салмагы 46,5 пайызды түзгөн.

2020-жылдын январь-август айларында дүң — чекене соода кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң чыгарылышы 76 млрд. сом көлөмүндө болуп, реалдуу көрсөткүчтө 16,8 пайызга кыскарды.

Отчеттук мезгил аралыгында транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн дүң чыгарылышы 19 млрд. сомду түзүп, өсүүнүн реалдуу темпи 39,1 пайызга ылдыйлаган. Транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөндөшү авиа каттамдар менен автоташуулардын өлкө ичинде да, башка өлкөлөргө да ташуулардын төмөндөшү менен шартталган.

Эң көп окулган жаңылыктар