05:48
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Быйыл дүйнөлүк экономика 5,2 пайызга кыскарышы мүмкүн

Коронавирус пандемиясы жана вируска каршы чектөөлөр дүйнөлүк экономикага кескин жана кеңири терс таасирин тийгизип, терең рецессияга алып келди. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын 2020-жылдын июнь айына карата «Дүйнөлүк экономиканын перспективалары» билдирүүсүндө айтылат.

Белгиленгендей, 2020-жылы дүйнөлүк экономика 5,2 пайызга кыскарышы күтүлөт. Бул Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки эле эң төмөнкү көрсөткүч болушу мүмкүн.

«Бул илдеттин кесепетинен ички жана тышкы, суроо-талап, сунуш, соода-сатык жана финансы кыскарып, 2020-жылы өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасы 7 пайызга түшүшү мүмкүн. Быйылкы жылы өнүгүп келе жаткан мамлекеттер менен рыноктордо 2,5 пайызга төмөндөө божомолдонууда. Бул кеминде алтымыш жыл ичиндеги биринчи комплекстүү рецессия», — деп айтылат билдирүүдө

Өндүрүштүн төмөндөшү 1870-жылдан берки кирешенин төмөндөшүнө алып келет.

Дүйнөлүк банктын айтымында, пандемия түптөнүп келе жаткан өлкөлөргө, дүйнөлүк соода-сатыкка, туризмге, чийки заттарды экспорттоого, тышкы каржылоого көз каранды болгон мамлекеттерге эң оор сокку болот.

Андан тышкары, мектепке барууга тыюу салынганы жана ооруканага баштагыдай барып көрүнө албагандыгы, адамдардын өзүн-өзү өнүктүрүү капиталына терс таасирин тийгизет.

Быйыл киши башына киреше 3,6 пайызга төмөндөйт деп күтүлүүдө. Бул миллиондогон адамдарды жакырчылыкка учуратат.

Негизги божомол боюнча, пандемиянын төмөндөшү жылдын орто ченине, ал эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөр жарым жылдан ашык күрөшүүсү мүмкүн. Ошол эле учурда, глобалдык солгундоолор жылдын экинчи жарымында оңолушу күтүлүүдө, ал эми финансы рынокторундагы өзгөрүүлөр көпкө созулбайт.

2021-жылы дүйнөлүк экономиканын өсүшү жанданып, 4,2 пайызга жетет деген ойлор бар.

Эгер кырдаал пессимисттик сценарий боюнча өнүгүп кетсе, анда быйыл дүйнөлүк экономика 8 пайызга чейин төмөндөйт, андан кийин 2021-жылы жай өсүш менен 1 пайыздан бир аз жогору болот.

Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө өндүрүш быйыл дээрлик 5 пайызга төмөндөйт.

Эң көп окулган жаңылыктар